Jax 02. 14 — Энекем

Слушать Jax 02. 14 — Энекем

Текст Jax 02. 14 — Энекем

Бул ыр, сен жөнүндө эмес
Бул ыр, мен жөнүндө эмес
Бул ыр ар бир энелер үчүн гана арналат
Бул ыр менен кичине болсо дагы, эне сүтү акталаар

Эненин ою балада
Баланын ою талаада дейт
Андай деле эмес, ээ ким?
Анда деле эмес, кебим

Энемдин мээнетин актайм деп
Талаалап жүргөндөр аз эмес
Шылынып калса дагы аброюң
Ойлоруң болсун жеңилбес

Ичим таза, бирок колум кир
Сынга батырып мени ар бири
«Оку чоку» деп сайраган элең
Окубай калганым билинди

Чоноюп калган эми кара козуң
Ар бир бырышына жооп берет
Эми багат бизди обондорум
Оор күндөр артта эле калып кетет

Ананайын, ананайын
Ак бешикке бөлөгөн
Кагылайын, кагылайын деп
Сылап-сыйпап өстүргөн
Жок, жок унутпаймын
Кел эми алмашалы
Арабаны эми мен тартайын
Мен деп кетти канча шайың

Тартам деп бизди байкушум
Алданып калган далайга
Темирдей кылам деп кулунун
Айланып калайын деди калайга

Оозу кыйшык болсо дагы
Байдын баласы сүйлөйт беле
Сөз бербей, кебиңди укпай
Убагында баары дүлөй беле

Кошоматчыларың табылат
Көрө албагандар багынат
Кемсинткендердин баарын кечип кой эми
Сүйкөнүп кайра жагынат

Сый урматтын эшиги ачылат
Өзүң айтмакчы башыңды
Бийик көтөр апооу тик кара
Шаардын кооз

Мен, мен деген жеринен
Тандап ал жаккан бир имарат
Кааласаң жардам бер муктаждарга
Алар деле билесиң зарыгат

Тобокелдигиң үчүн сенин
Үнүң жетти сенин кудайга
Унуткан жок сени жараткан
Жайылган үчүн алаканың

Берди сенин балаңа